Бүгүн, 2-декабрда Конституциялык палатанын имаратынын алдында активист Өндүрүш Токтонасыровдун жалгыз митинги өтүп жатат.
Ал Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоорун кабыл алуу боюнча референдумду жокко чыгарууну талап кылууда.
Белгилей кетсек, өлкө жетекчилиги президенттик шайлоо жана Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум бир күндө – 2021-жылдын 10-январында болушу керек деп эсептеген. Юристтер жана жарандык коом муну мыйзамсыз деп эсептешет.
Ошондой эле, бүгүн Конституциялык палата “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулованын, юристтер Таалайбек Усубалиевдин жана Нурбек Касымбековдун арыздарын карап жатат.
Рита Карасартова жана “Реформа” партиясынын мүчөлөрү имаратка киргизилген жок. Маалыматка ылайык, аларга залда орун жок деп жооп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ