Menu

Орусиядан Тажикстанга чартердик каттамдарды аткаруу уланат

Бөлүшүү:

Орусиядагы эмгек мигранттары. Иллюстрациялык сүрөт

Душанбе декабрь айында Орусиядан Тажикстанга аткарыла турган чартердик каттамдардын тизмесин жарыялай элек.

1-декабрда Тажикстандын Орусиядагы элчиси Имомуддин Саттори Орусиянын шаарларынан Душанбеге мурдагыдай эле күнүнө бештен чартердик каттам аткарыларын билдирди. «Тизмеси жарыяланбаса да авиакомпаниялар «Росавиациядан» уруксат алып чартердик каттамдарды аткара беришет. Суроо-талап болуп турса мындай каттамдар эки өлкө ортосундагы ыраттуу учуулар калыбына келтирилгенге чейин аткарыла берет», — деди элчи.

Ал ортодо тажик мигранттары Орусия менен Тажикстандын ортосундагы туруктуу аба каттамдарынын калыбына келишин күтүп жатышат. Азырынча эки өлкөнүн авиациялык бийликтери бул маселе боюнча бир пикирге келе элек.

Ноябрда Орусиянын шаарларынан Душанбеге учуп жаткан «Сомон Эйр» авиакомпаниясы чартердик каттамдарга билеттерди 395 евродон саткан. Авиакомпаниянын өкүлү учактар Орусияга бош учуп жаткандыктан, кызмат көрсөтүү акысы 40% жогорулаганын билдирген.

Тажикстан коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу максатында аба каттамдарын марттын аягында токтоткон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: