Menu

Өзбекстанда аялын памперстеги заңды жегенге мажбурлаган киши алты жылга соттолду

Бөлүшүү:

Самарканд шаардык соту аялын колдонулган памперстеги заңды жегенге мажбурлаган жергиликтүү тургун Шехроз Каримовду алты жылга эркинен ажыратты.

Өзбек басылмаларынын маалыматына караганда, 36 жаштагы Каримов «Өз жанын кыюуга жеткирүү» жана «Ден соолукка атайылап орто деңгээлдеги залал келтирүү» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Сотто Каримов күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, аялына памперстеги калдыктарды жедиргенин четке каккан. Жабырлануучу Мустахкам Вахобова сот өкүмү менен макул экенин билдирди.

Өткөн жумада прокурор соттон Шехроз Каримовду 8,5 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөнү кабарланган.

Быйыл жайында Самарканддын тургуну Мустахкам Вахобованы күйөөсү катуу сабап жатканы тартылган видео Интернетке жарыяланган. Аял журналисттер менен жергиликтүү блогерлерге күйөөсү сегиз жылдан бери мас болгондо сабап, кемсинтип келгенин айткан. Маектеринин биринде ал бир жолу күйөөсү үч күн мурда колдонулган памперстеги заңды жегенге мажбурлаганын билдирген.

Бул видео интернетке жарыялангандан кийин Каримов үйүнөн качып кеткен. 23-августта ал Ташкентте кармалып, Самаркандга жеткирилген. Бул иш боюнча сот 12-ноябрда башталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: