27-ноябрда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулуктун ишмердүүлүгүнө каршы турууга багытталган ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунда курал жарактар менен ок-дары сакталган жер табылды.
Маалыматка караганда, табылган жерден “ТТ” жана “ПМ” маркаларындагы тапанча, аңчылык куралы (кесилген), кесилген курал (карабин менен кесилген мылтык), 39 ок дары жана 6 газ травматикалык тапанчанын 6 огу табылып алынган.
Табылып алынган курал жарак жана ок-дарылар тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт.
Сотко чейинки өндүрүштүк материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 253- беренесинин 2-бөлүгү (Курал-жарак, ок-дарылардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестине катталган.
Учурда УКМК тарабынан ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш- чаралары жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ