Menu

Алмазбек Атамбаев ден-соолугуна байланыштуу сотко жеткирилген жок. Сот отуруму 9-декабрга жылдырылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы сот ишин улантты.

Отурумду судья Азирет Медеров алып барууда. Атамбаевдин өзүн сот отурумуна алып барышкан жок.

“Ден-соолугунун начарлашына байланыштуу сот отурумун бир жумага жылдырууну суранам”, – деп судья Атамбаевдин арызын окуп берди. Мындан тышкары, айыпталуучу Албек Ибраимов, Аскар Шадиев жана айрым адвокаттар отурумга катышпай жатышат.

Буга байланыштуу айыптоочу тарап, адвокаттар, айыпталуучулар жана жабырлануучулар процессти кийинкиге жылдырууну суранышты. Пикирлерди уккан судья процессти 9-декабрга жылдырууну чечти.

Буга чейин судья үч кылмыш ишин бир өндүрүшкө бириктирген. Ошентип, Атамбаев Кой-Таш айылынан жерди мыйзамсыз алган, мыйзамсыз байып кеткен жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандык үчүн айыпталууда.

Бардык эпизоддор боюнча бир нече айыпталуучулар бар, алардын катарында парламенттин депутаттары Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова, Президенттин администрациясынын мурунку башчысы Фарид Ниязов, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев жана Аскар Шадиев, экс-мэр Албек Ибраимов, мурдагы ички иштер министри Абдылда Суранчиев жана башкалар бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: