Menu

Ошто кинотеатрларды, интернет клубдарды, ресторандарды жана балдар ойноочу аянтчаларды иштетүүгө уруксат берилди

Бөлүшүү:

Ош шаарында кинотеатрларды, интернет клубдарды, ресторандарды жана балдар ойноочу аянтчаларды иштетүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим бүгүн, 2-декабрда Ош шаарынын жарандык коргонуу штабынын жыйынында кабыл алынды.

Ошол эле учурда, иштөөгө уруксат берилген мекемелерде бардык санитардык талаптар сакталууга тийиш.

Белгилей кетсек, ушул жылдын март айынын аягынан бери коронавирус пандемиясынын кесепетинен кинотеатрлар менен театрлардын, соода борборлорунун жана балдар аянтчаларынын иши токтотулган. Убакыттын өтүшү менен айрым чектөөлөр алынып, тармактардын иштөөсүнө четинен уруксат берилип келген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: