Бүгүн, 2-декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеевдин жубайы менен биргеликте түтүн булатып келе жатканына 15 жыл толду. Бул тууралуу Жапыкеев өзү Фейсбук баракчасында билдирип, видеотасмасын дагы жарыялаган.
Маалыматка ылайык, Сыймык Жапыкеевдин үйлөнүү үлпөт тоюу 2005-жылы, 2-декабрда өткөн.
“Эл арасында 15 жыл бирге түтүн булаткан үй-бүлөнү “Хрусталь той” деп аташат. Бул мааракеге так ушундай лакап ат коюшкан, анткени мынчалык узак мамиледе болуу үчүн жубайлардын ортосунда эч кандай сыр болбошу керек. Ал эми каада-салтты урматтагандын белгиси катары, айнектен же хрусталдан белектер берилет”, – деп жазган Жапыкеев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ