Menu

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров: Алыскы аймактарда жашаган жарандарга автоматташтырылган мамлекеттик тейлөөнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча ишти күчөтүү зарыл

Бөлүшүү:

Алыскы аймактарда жашаган жарандарга автоматташтырылган мамлекеттик тейлөөнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча ишти күчөтүү зарыл. Бул тууралуу КРнын Вице-премьер-министри Равшанбек Сабиров «Түндүк» электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасына барган учурда билдиргенин бүгүн, 2-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

«Түндүк» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева «Түндүк» электрондук өз ара аракеттешүү борбору» тарабынан эки жылдын аралыгында жасалган иштер, жетишкен ийгиликтер жана алдыда аткарыла турган жумуштар боюнча маалымат берди.

Вице-премьер-министр санариптештирүүнү натыйжалуу ишке ашыруу мамлекеттин өнүгүшүнүн негизги фактору экенин белгиледи.

«Түндүк» тутумунда өз ишин мыкты билген чет өлкөлөрдөгү алдыңкы окуу жайларда билим алып келген адистер иштерин көрдүк. Санариптештирүү иштери аймактарда дагы ыраттуу жүргүзүлүүсү үчүн жергиликтүү адистерди окутууну уюштуруу зарыл шарттардын бири. Жарандардын жашоосуна бардык шарттарды түзүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы санарипке өткөрүү боюнча иш-чараларды активдештирүү замандын талабы», – деди Равшанбек Сабиров.

Муну менен катар Вице-премьер-министр санариптештирүү өлкөнүн артыкчылыктуу багыты экенин баса белгиледи.

«Мамлекеттик тейлөөлөрдү электрондук форматка өткөрүү үчүн заманбап технологияларды коомдун күнүмдүк турмушуна киргизүү боюнча чоң жумуштар жасалып жатат. Мына ошол аракеттердин негизинде жарандардын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуусун жеңилдөөдө. Эң негизгиси коррупциялык тобокелчиликтер азайды. Учурда өлкөнү санариптештирүү процесси активдүү жүрүүдө, ошол эле учурда кибер коопсуздук маселеси дагы көңүл чордонунда болушу шарт. Бул үчүн эл аралык талаптарга жооп бере турган маалыматтарды иштеп чыгуу борборун түзүү боюнча иштерди күчөтүү керек», – деди Равшанбек Сабиров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: