Menu

Бишкек шаардык кеңеши батирди чемпион Айсулуу Тыныбековага өткөрүп берүүгө макулдук берди

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык кеңеши муниципалдык батирди чемпион Айсулуу Тыныбековага өткөрүп берүү жөнүндө токтом долбоорун жактырды. Чечим бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында кабыл алынды.

Депутаттар маселени талкуулабай, түз добуш берүүгө өтүүнү сунушташты. Жыйынтыгында алар долбоорду жактырышты.

Эске салсак, үч бөлмөлүү батирдин сертификатын спортчуга экс-президент Сооронбай Жээнбеков дүйнөлүк чемпионаттагы жеңишинен кийин тапшырган. Бирок, ал мүлк муниципалдык менчикте экени белгилүү болду. Бул соттон кийин тартып алынган Нариман Түлеевдин батирлеринин бири.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: