Мамакеев Мамбет Мамакеевич Гиннестин рекорддор китебинен диплом алып, анда академиктин дүйнөлүк рекорду расмий тастыкталды. Бул тууралуу М.М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борбордун Facebook социалдык тамагындагы баракчасында маалымдалды.
“Рекорддорду белгилөө учурунда, 2020-жылдын 29-февралында М.Мамакеев үзгүлтүксүз 67 жыл 181 күн бою практикалык хирургия тармагында эмгектенди. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнөлүк рекордсмен өзүнүн жетишкендиктерин өркүндөтүп, күн сайын ар кандай хирургиялык операцияларды жасап келет.
Гиннесстин рекорддор китебинин эксперттери дипломду академикке жеке өздөрүү тапшырышы керек болчу, бирок глобалдык коронавирус пандемиясынын кесепетинен бул ишке ашкан жок. Ошондуктан, диплом почта аркылуу жеткирилген “, – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ