Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоо аяктады.
Сынакка катышуу үчүн 11 талапкер арыз берди. Документтерди изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча 1 талапкер кабыл алынган жок, 3 талапкер тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча босого баллды топтой алган жок, ал эми 1 талапкер өз талапкерлигин алып салды.
Сотторду тандоо кеңешинен билдиришкендей, сынакка 6 талапкер катышты. Алар жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты, кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо үчүн маектешүүдөн өтүштү. Бардык талапкерлер Соттор кеңеши тарабынан белгиленген босого баллга жетишти.
1. Тентимишов Марлэн Бактыгулович – 55,125
2. Багышова Айгүл Эмилевна – 54,125
3. Өмүралиев Мэлис Асанбекович – 52,875
4. Байышов Мирлан Байышович – 51,875
5. Болотбаев Марат Абдусаматович – 51,125
6. Абдыбекова Гулзат Алдаярбековна – 46,125
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ