Menu

БУУда COVID-19га каршы “Спутник V” вакцинасынын бет ачары болду

Бөлүшүү:

Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко БУУнун Башкы ассамблеясынын атайын сессиясында өлкөнүн COVID-19га каршы вакцинасы 100 миң кишиге сыналганын билдирди.

Кишилер Гамалея атындагы институттун “Спутник V” вакцинасы менен эмделишкен. 2-декабрда БУУда дал ушул вакцинанын бет ачары болду.

Мурашконун айтымында, препаратты иликтөө уланып жатканы – анын жигердүүлүгүн көрсөтөт.

“Чогултулган маалыматтар эмдөө өтө күчтүү антителалык жана клеткалык иммунитет жаратарын көрсөттү ”- деди министр.

Орусиянын Түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев Генералдык ассамблеянын атайын жыйынында 40тан ашуун өлкө Орусияга 1 миллиард 200 миллион доза вакцинага буюртма бергенин билдирди.

Өз кезегинде Орусия президенти Владимир Путин шаршембиде COVID-19га каршы кеңири масштабдагы эмдөө башталганын жарыялады.

Путиндин айтымында, Орусияда 2 миллион дозадан ашуун вакцина өндүрүлдү. “Бул массалык болбосо да, масштабдуу эмдөө өткөргөнгө мүмкүнчүлүк түзөт”, – деди орус президенти. Ал биринчи кезекте дарыгерлер менен мугалимдерди эмдөөдөн өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Орусия бардыгы болуп үч вакцина иштеп чыкты. “Спутника V” вакцинасынан тышкары “Вектор” илимий борбору ”ЭпиВакКорона” вакцинасын ойлоп тапкан. Экөө тең сыноонун бардык баскычтарынан өтүп бүтө электе эле каттоого алынып, эл аралык жана орусиялык адистердин сынына кабылган.

Үчүнчү вакцина –Чумаков атындагы борбордун препараты. Ал азыр үч сыноонун экинчисинен өтүп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: