Menu

Социалдык өнүгүү министрлиги өгөй атасы тарабынан сабалган алты жаштагы баладан энеси баш тартканын четке кагууда

Бөлүшүү:

Өгөй атасы тарабынан сабалган алты жаштагы Рамазандын энеси баладан баш тарткан жок. Бул тууралуу журналисттерге Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, баланын апасы таенесине убактылуу асыроого макулдугун гана берген.

Бирок, баланын адвокаты Шердор Абдыкапаров билдиргендей, баланы таенеси толук асыроого алуу үчүн бардык документтер даяр, апасы гана кол коюусу керек.

Буга чейин адвокат алты жаштагы Рамазандын энеси баладан баш тартканын, таенеси баланын расмий асыроочусу болгонун билдирген.

Белгилей кетсек, буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну Бишкек шаарынын Октябрь РИИБне 33 жаштагы күйөөсүнө чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Аялдын айтымында, анын күйөөсү 17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү, болжол менен түнкү саат 00:00 чамасында 2014-жылы туулган жашы жете элек уулун эч себепсиз сабаган. Бул факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө КР “Жүрүм-турумдар жөнүндө” кодексинин 75-беренесине ылайык катталган. Андан ары, иштин материалдары Сокулук районунун ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки өндүрүш башталган. Кийинчерээк баланын энеси күйөөсүн кечирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: