Menu

Видео – Ат-Башы эли: Садыр Нургожоевичти президент кылып шайлоого даярбыз

Бөлүшүү:

“Биз, Ат-Башы районунун тургундары Садыр Жапаровду колдойбуз. Ат-Башы районунун жаштары Садыр Нургожоевичти президент кылып шайлоого даярбыз. Жалпы кыргыз элинен жана Конституциянын долбоорун карап жаткан кыргыз элинин чыгаан жигиттеринен Курултайды колдоп берүүнү суранабыз” – деп билдирди Ат-Башы районунун жергиликтүү тургуну.

“Биз, Ат-Башы эли Садыр Нургожоевичтин реформа кыла турган максатын колдоо ирээтинде чогулуп жатабыз. Буга чейинки президенттер акча менен соодалашып алып ушуга чейин жашап келдиңер. Бут тосууларды токтоткула болду. Биздин Ат-Башы эли кандай кыйын кырдаалда жашарын билесиздерби? Буга чейин эмне кылып койдуңуздар? Эгер кылып койгон болсоңуздар, биз сиздерди да колдойт элек. Бирок сиздер кылган жоксуздар. Ошондуктан, азыркы жаштар Садыр Жапаровдун идеясын колдоо менен чыгып жатабыз. Реформаны жасайын деп жаткан Садыр Жапаровдун колуна кол, бутуна бут болуу максатында чогулуп жатабыз. Келгиле, келечекти бирге куралы. Биздин Кыргызстан келечекте өнүгүп-өскөн мамлекеттерден болот деген терең ишеничте Садыр Жапаровду колдоп турабыз” – деди дагы бир жергиликтүү тургун.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: