Бүгүн, 3-декабрда кол топтоо боюнча документти тапшыруунун акыркы күнү. Президенттикке талапкер Садыр Жапаров кол топтоо документин тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы журналисттерге билдирди.
Алардын маалыматы боюнча, азыр эсептөө жүрүп жатат. Мамлекеттик жогорку кызмат ордуна талапкердин кол топтоонун саны 30 миңден кем эмес, 60 миңден ашпоосу керек деп көрсөтүлгөн. Сегиз календардык күндүн ичинде жумушчу топ алардын тууралыгын текшерет.
Белгилей кетсек, буга чейин президенттикке талапкерлер 30 миң кол топтоо боюнча документтерин тапшыра электигин БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирген.
Бүгүн ошондой эле миллион сомдук шайлоо күрөөсүн күрөөгө коюунун акыркы күнү. 14-декабрга чейин шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттайт. Катталгандан кийин эки календардык күндүн ичинде талапкер тиешелүү күбөлүктү алат. Эгерде ага каттоодон баш тартышса, анда ага БШК чечим кабыл алгандан кийин 24 сааттын ичинде билдирилиши керек. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ