Ош мамлекеттик университетине экс-билим берүү министри Каныбек Исаковдун ысымын берүү керек. Бул тууралуу бүгүн. 3-декабрда депутат Жанар Акаев парламент жыйынында билдирди.
Депутат экс-министр ректор болуп турган кезде ОшМУну аз убакыттын ичинде жаңы деңгээлге чыгарып, билим берүү мекемеси үчүн көп иш жасаганын айтып өттү.
“Каныбек Исаков студенттер үчүн жаңы факультет, адистиктерди ачты, университеттин инфраструктурасын абдан мыкты деңгээлге чыгарды. Аз убакытта 14 жаңы имарат курду, эки медициналык клиника, бир чоң студенттик жатакана салдырды. Каныбек агайдын жаратмандык ишине бул жердеги депутаттар дагы баа берип келишкен. Каныбек Исаковдун атын түбөлүккө калтыруу максатында ысымын Ош мамлекеттик университетине ыйгарууну сунуштайм”, — деди Акаев.
Белгилей кетсек, экс-билим берүү министри Каныбек Исаков ноябрь айында пневмониядан көз жумган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ