Menu

Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевге өлкөдөн качып кетүүнү сунушташкан, бирок ал баш тарткан

Бөлүшүү:

Замир Жоошев Канат Сагымбаевге Кой-Таш окуясында күбө болуп турганда Кыргызстандан чыгып кетүүнү сунуштаган. Бул тууралуу адвокат бүгүн, 3-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Кимдир бирөө менин кардарларым Канат Сагымбаев жана Фарид Ниязов үй камагына чыгарылса, жашынып калат деп ойлошот. Бирок бул негизсиз айыптоолор деп ишендирем. Ошол эле Сагымбаев Кой-Таш ишинин күбөсү болуп туруп, Кыргызстандан чыгып кеткен жок. Мен ага аны жасоону сунуш кылгам, бирок ал өзүн күнөөсүз деп эсептеп, баш тарткан», – деди ал.

Эскерте кетсек, массалык башаламандыктарды уюштуруу фактысы боюнча ИИМдин тергөө тобу тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Алмазбек Атамбаев, анын жансакчылары Канатбек Сагымбаев жана Дамир Мусакеев, ошондой эле Фарид Ниязов кармалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: