Menu

Жогорку Кеңеште компьютерлерди депутаттардын эсебинен калыбына келтирүүнү сунуштоодо

Бөлүшүү:

“Ак үйдөгү” оңдоо иштери айрым депутаттардын жана курулуш компанияларынын жардамы менен жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлдөрү жыйындар залын калыбына келтирүүгө өз салымын кошту.

«Биз бюджеттен акчаны бир аз болсо да үнөмдөп калдык. Ошол эле учурда 11 миллион сомго компьютердик жабдууларды сатып алууга тендер жарыяланган. Ушул сумманын жок дегенде жарымын өзүбүз төлөп койсок жакшы болмок. Бул PR эмес, бюджетке реалдуу жардам, айрыкча акчаны үнөмдөө керек. Программалык камсыздоону сатып алууга тендер жарыяланган, биздин патриоттор бул нерсени символикалык суммага – 200 миң сомго жасай алабыз дешти. Керек болсо, алар манжа изи менен добуш берүү тутумун түзө алышат», – деди Марлен Маматалиев.

Эске салсак, Бишкектеги башаламандыктан кийин митингчилер “Ак үйдүн” кеңселерин талкалап, өрттөшкөн. Андан кийин “Ак үйдүн” тосмосу алынган. “Ак үйдү” оңдоо иштерине Акылбек Жапаров 450 миллион кетет деп айтса, ал сөздү четке кагып президенттикке талапкер Садыр Жапаров 10 миллион сом каражат кетет деп айткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: