Menu

Депутат Иса Өмүркулов министр Тилек Токтогазиевге: “Көп сүйлөсөңүз айткан пландарыңыз ишке ашпайт”

Бөлүшүү:

“Көп сүйлөсөңүз айтып жаткан пландарыңыз ишке ашпайт” – деди бүгүн. 3-декабрда депутат Иса Өмүркулов парламент жыйынында Айыл чарба министри Тилек Токтогазиевге кайрылып.

Министр буга чейин өзүнүн пландары жөнүндө айтып берген. Анын айтымында, Айыл чарба министрлиги айыл чарба тармагында реформа жүргүзүүнү пландаштырууда. Ошондой эле, логистикалык борборду курууга 960 миң доллар талап кылынат. Ошондой эле, Айыл чарба министрлиги кадрларды оптимизациялоону жана кластердик ыкманы киргизүүнү пландаштырууда.

“1 милион долларга жогоруда айткандарды ишке ашыра аласызбы?” – деп суроо узатты депутат.

“Мындан тышкары дагы башка жактардан каражаттарды издештирип жатабыз” – деди министр.

“Каражат таппасаңыз эмне кыласыз?” – деп сурады депутат.

“Табабыз. Бизде атайын эл аралык бөлүм бар, алардын жумушун күчөтүп, эл аралык уюмдар менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз” – деди министр.

“Көп сүйлөсөңүз жогоруда айтып жаткан пландарыңыз ишке ашпайт. Министрликте үрөн, жер семирткич барбы? Насыя бересиңерби?” – деди депутат.

“Министрлик саясат жүргүзөбүз” – деп жооп берди министр.

“Саясат жүргүзүү үчүн эмне кылып жатасыз? Конкреттүү кандай реформа жасаган жатасыз? Сиз келип тыюу салуудан баштадыңыз. Эгерде элге шарт түзүп бербесеңер, кайдагы реформа ишке ашат? Эч кимдин мал бакканга кызыкчылыгы жок. Тоют, үрөн кымбат, малын семиртип алып сатайын десе, силер саттырбай жатасыңар. Бул кандай?” – деди депутат.

Министр Айыл чарба министрлигинин негизги милдети азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу экендигин айтты.

Депутат малды чет өлкөгө чыгаруу боюнча тыюу салуу боюнча токтом тууралуу дагы бир жолу ойлонууну сунуштап, элге шарт түзүп берүүнү талап кылды.

Министр бул чектөө азык-түлүккө болгон бааны стабилдештирүү максатында кабыл алынган чара экенин кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: