Menu

Кордай окуясы боюнча соттук угуу башталды

Бөлүшүү:

Тараз шаарында 3-декабрда Кордайдагы казактар менен дунгандардын арасындагы улут аралык жаңжалга байланыштуу соттук угуулар башталды. Жараян шаардагы СИ-13 тергөө изоляторунда өтүп жатат.

Иш боюнча 51 адам айыпталуучу катары таанылган. Алар Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Карасай баатыр, Каракемер, Масанчы, Сортөбе айылдарынын 66-93-жылкы тургундары. Басымдуу көпчүлүгүнүн үй-бүлөсү, бала-чакасы бар.

Жараянга Кордай районунун жети жабырлануучусу келген. Жалпы иш 344 томдон турат.

Маалымат боюнча 51 шектүүгө “Массалык башаламандык”, “Курал, ок-дары, жардыргыч заттарга мыйзамыз түрдө ээ болуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү, “Коркутуп алуу”, “Каракчылык” беренелери боюнча айыптар тагылган. 51 айыпталуучуну 60 адвокат коргоодо. Ишке төрт прокурор катышууда.

Айыпталуучулардын бири соттук угуу маалында “ушул убакытка чейин кошумча коргоочу берилбегенин, медициналык жардамга муктаждыгын” айтты.

Журналисттер ичкери 10-15 мүнөткө гана киргизилип, андан соң жараянга онлайн байкоо салышууда. Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, коопсуздук максатында адвокаттар, журналисттер, прокурорлордон ПЧР-тест алынган.

Буга чейин Казакстандын аскер соту Кордай районунда казак-дунган жарандарынын чыр-чатагында камалган жети кишинин төртөөнүн жазасын жумшартты.

19-ноябрда чыгарылган соттун чечимине ылайык, алардын түрмөдөгү мөөнөтү шарттуу жазага алмаштырылган.

Сентябрь айында бул жети адам кандуу кагылышууга катышканы үчүн үч жылдан төрт жылга чейин кесилген.

Ушул эле окуяга байланыштуу камалган дагы үч адамдын жазасы өзгөргөн эмес.

Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунда 7-февралда улут аралык чыр чыккан. Чатакта он киши каза болуп, жүздөн ашык адам жабыркаган. Ондогон турак жайлар жана машинелер өрттөлгөн. Миңдеген дунгандар Кыргызстанга кире качышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: