Menu

Жалал-Абад шаарынын жаңы мэри болуп Эрнисбек Ормоков шайланды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-декабрда Жалал-Абад шаарында мэрди шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Мэрдин кызмат ордуна эки талапкер: Эрнисбек Ормоков жана Эрнист Зияйдинов көрсөтүлгөн.

Добуш берүүгө 31 депутаттын 28и катышып, бардыгы Эрнисбек Ормоковду бир добуштан колдошту.

39 жаштагы Эрнисбек Ормоков буга чейин шаардык кеңештин үч чакырылышынын депутаты, бир жолу төрагасы болгон.

2020-жылы 4-октябрда өткөн шайлоодо Ормоков “Мекенчил” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөткөн (№14).

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: