Menu

Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги ИИМге жеке коргонуучу каражаттарды тапшырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-декабрда Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги КРнын Ички иштер министрлигине коронавирус илдети менен күрөшүүсүнө көмөк көрсөтүп, ИИМдин Медициналык башкармалыгынын кызматкерлери үчүн жеке коргонуучу каражаттарды тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өлкөдө орун алган кырдаалга байланыштуу, Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги 100 даана коргонуучу кийимдерди, 450 даана коргонуучу көй айнектерди, андан сырткары 150 даана бут кийимдер үчүн коргонуучу чехолдор, 400 даана кол кап тапшырган. Жеке коргоонучу каражаттар ИИМдин Медициналык башкармалыгынын кызматкерлери үчүн арналган.

ИИМдин бейтапканасынын начальниги Индира Абдыгулова Корея Республикасынын элчилигине ыраазычылыгын билдирип, ИИМдин бейтапканасынын кызматкерлеринин ден соолугу бардыгынан жогору экендигин айтып өткөн.

“Өз кезегинде КРнын Ички иштер министрлиги коопсуз иштөө үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап жатат. КРнын Ички иштер министрлиги Корея Республикасынын элчилигине көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирет”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: