Menu

Дастан Бекешев: “Саясатчылар жоопкерчиликти алгысы келбейт, ошондуктан алар бардыгын элге оодарып жатышат”

Бөлүшүү:

Саясатчылар жоопкерчиликти алгысы келбейт, ошондуктан алар бардыгын элге оодарып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында 10-январда кезексиз президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдум өткөрүү мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.

Ал мындай референдумга каршы чыкты.

“Эртең, төңкөрүш болуп кетсе, саясатчылар эл ушундай чечти деп айтышат. Эмне үчүн эл туура эмес түшүнүшөт? Бул парламентаризм эмес болчу, жада калса жытын жыттаган жокпуз. Саясатчылар жоопкерчиликти алып, чечим кабыл алышы керек. Тарыхты карасаңар, көптөгөн өлкөлөрдө алар падишахтар менен күрөшүп, парламентаризмге жетишкен, тескерисинче, бизде бир падишах болушун каалайбыз”, – деди Бекешев.

Анын айтымында, айрымдар парламентти “120 хан” деп жаңылыш ойлоп, бийликте 1 гана адам болушун талап кылышууда.

«Эми референдум өтөт, эл президенттик башкаруунун формасын тандайт, эртең төңкөрүш болуп кетсе, эл ушундай чечим кабыл алган деп айтышат. Саясатчылар жоопкерчиликти алып, чечим кабыл алышы керек», – деди Бекешев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: