Menu

Референдум тууралуу мыйзам долбоору жалпы сессиянын күн тартибине киргизилди

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору чукул түрдө парламенттин бүгүнкү сессиясынын күн тартибине биринчи окууга киргизилди.

Бул тууралуу маалыматты мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Акылбек Жапаров RFE/RL радиосунун кыргыз кызматына ырастады:

«Бүгүнкү күн тартибине киргизилди. Эгер депутаттар колдосо, эмки жумада экинчи жана үчүнчү окууга алып чыгабыз. Мыйзам долбоору 1-апрелден бери коомдук талкууда турат. Бийлик кандай болушу керек экенин эл чечсин. Президенттик десе, президенттик кылалы. Парламенттик десе, парламенттик кылалы. Чече турган орган керек болуп калды да».

Акылбек Жапаров мыйзам долбоорун сессияга алып чыгууда регламент сакталбаганы боюнча дооматтарга «комитеттин корутундусу чыккандыктан, жалпы жыйынга сунуш кылынган» деп жооп берди.

«Комитетте булар «кворум чогулта албай атабыз, сурамжылоо жолу менен бүтүрөбүз» дешкен. Ошол жол менен бүтүрүштү».

Акылбек Жапаров мыйзам долбоорун сессияга алып чыгууда мындай тажрыйба бар экенин айтты. Мыйзам долбоору мурдагы депутат, азыркы башкы прокурор Курманкул Зулушевге таандык экенин, ал башка кызматка кеткендиктен азыр ага өзү автор катары алып чыкканын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бул мыйзам долбоору регламентти бузуу менен жалпы сессиянын кароосуна чыгарылганын билдирип жатышат.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон, президенттик шайлоодо ат салышарын билдирген Садыр Жапаров жарандык коомдун Баш мыйзамга байланыштуу сынына «бул – диктатураны эмес, элдин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзамдын долбоору» деп жооп кайтарган.

Мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: