Бүгүн, 3-декабрда пенсионер Шарабидин Эрмеков менен Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсаловдун ортосунда чыр чыкты. Окуя “Конституциялык түзүлүштүн негиздери” секциясынын отурумунда болгон.
Конституцияны өзгөртүү боюнча сунуштарын айтуу үчүн Нарын шаарынан келген пенсионер Шарабидин Эрмековдун пикиринде, элчинин Конституциянын жаңы редакциясына өзгөртүү киргизүүгө укугу жок.
“Байсалов деген дагы отурат деп эл айтып жатат. Байсалов деген балээбиз жок. Бар Текебаевдерге барып кошомат кыл, сен ошолордун кишисисиң” – деди Шарабидин Эрмеков.
Эдил Байсалов сүйлөп баштаганда анын сөзүн Шарабидин Эрмеков бөлүп, “Сени мурда эле атыш керек болчу. Оозуңдү жарып, таяк менен башыңды жарып айдап чыгам” деп коркутуп, тилдеди.
“Эй, оозуңду карап сүйлө! Атаңдың башы!” – деп Байсалов жооп кайтарып, ал дагы тилдеди.
Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү пенсионерден жекеликке өтпөөнү суранып, тараптарды тынчтандырууга аракет кылышты.
Видео: 24.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ