Menu

Президенттикке талапкер Курсан Асанов кол топтоо документин тапшырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-декабрда, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына КРнын президентинин кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкер Курсан Сатарович Асановдун кол коюу барактары түштү. Тапшырылган колтамгалардын саны – 43 864. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

“КРнын президентин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 2-пунктунун талаптарына ылайык талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң колтамгасы менен колдоого алынууга тийиш. Мында берилген колдордун саны шайлоочулардын 60 миң колунан ашууга тийиш эмес.

КР БШКнын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу берилген колтамгалардын аныктыгын текшерүүнү 8 календарлык күндө жүзөгө ашырат.

“КРнын президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы колтамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө” Нускаманын 54-пунктуна ылайык текшерүү үчүн зарыл болгон 30 миң ишенимдүү колдорду аныктаганга чейин текшерүү үчүн тандалып алынган кол коюу барактарында камтылган шайлоочулардын бардык колтамгалары текшерилүүгө тийиш.

Борбордук шайлоо комиссиясы каттоо кызматтарынын кызматкерлерин жана сот-экспертиза иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттерин тартуу менен коюлган колдордун аныктыгын текшерет.

КР БШК КР президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын Календардык планына ылайык КР президентине талапкерлерди колдогон кол коюу барактарын тапшыруу 2020-жылдын 3-декабрында саат 23:59да аяктаарын эске салат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: