Бишкектеги ЦУМ “Айчүрөк” соода борборунун жанында массалык мушташ болуп, натыйжада 15 адам кармалган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин Патрулдук кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
«Окуя кечээ, 3-декабрга караган түнү болгон. Кармалгандардын бардыгы Свердлов РИИБине жеткирилди», – деп билдиришти милициядан.
Укук коргоо органдарынын айтымында, окуя болгон жерге үч патрулдук унаа келген, бирок “Телеграм” каналына жарыяланган видеодо күбө милиция кызматкерлеринин тогуз унаасын санап берген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ