Menu

Казакстандык Ботакоз Копбаевага Anti-Corruption Award 2020 сыйлыгы ыйгарылды

Бөлүшүү:

Казакстандык Ботакоз Копбаева коррупциялык көрүнүштөрдүн бетин ачкан жарандарга ыйгарыла турган Transparency International эл аралык уюмунун Anti-Corruption Award 2020 сыйлыгынын лауреаты болду.

Уюмдун сайтындагы билдирүүгө ылайык, Копбаевага сыйлык коррупцияга каршы күрөшүүдөгү «кайраттуулугу» үчүн берилди. Анда ал кол салууларга жана коркутуп-үркүтүүлөргө карабастан, «ири өлчөмдөгү акча уурдоонун жана каржы коррупциясынын бетин ачканы» белгиленген.

Копбаева 2017-жылдан бери Алматыдагы Казак улуттук консерваториясында каржы-экономикалык маселелер боюнча проректор болуп иштеп келет. 2018-жылы июнда аталган окуу жайда каржылык мыйзам бузуулар аныкталганы кабарланган. Көп өтпөй 20 жылдан бери консерваторияда проректор болуп иштеп жүргөн Жания Аубакирова иштен алынып, экинчи проректор Копбаевага кол салуу болгон. Бул окуялардан кийин окуу жай Копбаева менен түзүлгөн эмгек келишимин жокко чыгарган. Бирок кийинчерээк ал мыйзамсыз жумуштан алынганы боюнча сотко кайрылып, жеңип чыккан.

2019-жылы май айында «өзгөчө ири өлчөмдөгү каражатты орунсуз жок кылуу» айыбы менен консерваториянын мурдагы эсепчиси сегиз жылга соттолгон. Мындан тышкары ал окуу жайга дээрлик 128 миллион теңге төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Копбаевадан тышкары Anti-Corruption Award 2020 сыйлыгы ооганстандык журналист Заки Дарьябиге да ыйгарылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: