Menu

Тажикстан Казакстанда соттолгон жарандарын кабыл алуудан баш тартты

Бөлүшүү:

Тажикстандын бийлиги Казакстанда теракт даярдоо айыбы менен соттолгон жети жаранын кабыл алуудан баш тартты.

Өткөн жылы сентябрда Алматынын райондор аралык соту чыгарган өкүмгө ылайык, Тажикстандын жарандары Косимжон Гиесов 18, Абдухалим Давлатов менен Неъматулло Неъматов 14, Парвиз Туйчиев, Султони Аминзода, Шарифали Сафаров жана Сафиюлло Косимов 12 жылга эрктеринен ажыратылган. Булардын баары «Теракт жасоого даярдануу» жана «Мыйзамсыз жардыруучу зат жасоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы жарандарын өткөрүп берүү тууралуу Казакстандын сунушун четке кагып, өлкө оор кылмыштар үчүн соттолгондорду кабыл албай турганын билдирди. Буга чейин абактагы тажикстандыктардын туугандары казак бийлигине кайрылып, жакындарын жаза мөөнөтүн мекенинде өтөөсү үчүн өткөрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Тажикстандын Башкы прокуратурасындагы өз булактын айтымында, Душанбе өлкө абактарында болгон козголоңдордон кийин терроризм үчүн башка мамлекетте соттолгон жарандарын кабыл албоону чечкен. 2018-жылы ноябрда Хожент, 2019-жылы майда Вахдат шаарларындагы абактарда козголоң болуп, 50 киши өлгөн. Бийлик бул башаламандыктар үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобунун тарапташы деген айып менен соттолгон жарандарга жүктөгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: