Menu

Айлыктан баш тарткан депутаттар октябрь жана ноябрь айындагы маяналарын толугу менен алышкан

Бөлүшүү:

Парламенттин депутаттары октябрь жана ноябрь айы үчүн айлыктарын толугу менен алышты. Бул тууралуу журналисттерге Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова билдирди.

Анын айтымында, депутаттардын көпчүлүгү октябрь айындагы эмгек акыларын Ак үйдүн ремонтуна которушкан. Бирок бир дагы депутат ноябрь айындагы эмгек акыларынан баш тартышкан жок.

Белгилей кетсек, буга чейин алтынчы чакырылыштын депутаттары ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн узартуу мезгилинде акысыз иштөөгө даяр экендиктерин билдиришкен.

Эскерте кетсек, 5-6-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгышкан. Бишкекте массалык баш аламандыктар болуп, Ак үйдү басып алышкан. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, оңдоп-түздөө иштерине болжол менен 450 миллион сом кетери айтылган. Садыр Жапаров бул каражатка парламенттик шайлоо өтөрүн айтып, Ак үйдү оңдоого 10 миллион сом кетерин айткан. Ошондой эле, оңдоо иштери тендерсиз башталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: