Menu

“Хан-Теңиридеги” үрөй учурган кылмыш: Шектүүнүн өлүмүнө байланыштуу иш токтотулду

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусундагы “Хан-Теңири” лагеринде адам өлтүрүү боюнча кылмыш иши жабылды. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгы журналисттерге билдирди.

Маалыматка ылайык, экспертиза шектүү Сергей Смирнов өз жанын кыйганын тастыктагандыгы көрсөтүлгөн.

«Эңилчектен шектүүнүн жансыз денеси табылган. Тергөө анын өзүн-өзү атып алгандыгын далилдеди. Шектүүнүн өлүмүнө байланыштуу иш жабылды», – деп билдиришти милициядан.

Эске салсак, 2019-жылдын 5-июлунда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда бир адам “Хан-Теңири” лагеринде эки адамды атып өлтүргөн жана чумага каршы станциясынын кызматкерин барымтага алган. Эртеси эртең менен, Сергей Смирнов аны коё берген, аял жабыркаган жок. Ал эл аралык издөөгө алынган. 2020-жылы апрель айында “Хан-Теңири” лагеринен 3 чакырым алыстыкта ​​милиция белгисиз адамдын чирип кеткен денесин тапкан. Маркумдун жанында 25 огу менен “Vepr” мергенчилик мылтыгы болгон. Кийинчерээк ал киши өз жанын өзү кыйгандыгы белгилүү болду – ал башына өзүн-өзү атып салган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: