Эгер башкаруу формасы президенттик болсо, демек, ал аткаруу бийлигин башкарат. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда маалымат жыйынында “Мамлекеттик бийлик органдары” секциясынын төрагасы Болот Токтобаев билдирди.
Анын айтымында, Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын концепциясы президенттик башкаруу формасына негизделген.
«Логикага ылайык, эгер башкаруу формасы президенттик болсо, демек, ал аткаруу бийлигин башкарат. Бул жылдар аралыгында көптөгөн министрлер алмашты, бирок эч ким жооп берген жок», – деди Болот Токтобаев.
Ал дал ушул себептен жаңы долбоорго норма киргизилгендигин, ага ылайык президент өкмөттүн ишине жеке өзү жооп берет деп баса белгиледи.
Конституциянын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтында коомдук талкууга коюлган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ