Menu

Темирлан Ормуков Административдик соттун Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу жөнүндөгү чечимине каршы шаардык сотко доо арыз менен кайрылды

Бөлүшүү:

Жарандык активист, көзү азиз акын Темирлан Ормуков Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча Административдик соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-декабрда маалымат жыйында билдирди.

“Административдик сот Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу жөнүндө чечим чыгарды, бирок бул анын автоматтык түрдө мандатынан ажыратылат дегенди билдирбейт. 10 күндөн ашык убакыт өттү, ал дагы деле болсо депутат. Ал апрель-май айларына чейин депутат болот. Эми ал (Текебаев) мандатын дароо тартып алышкандай таасир калтырып жатат», – деди Ормуков.

Активист белгилегендей, алдыда дагы бир апелляциялык инстанция, Жогорку сотто кассациялык инстанция бар экенин, бул аралык Текебаев мандатынан ажырабай турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, 23-ноябрда Бишкек шаарынын административдик соту Темирлан Ормуковдун БШК Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын мыйзамсыз кайтарып бергендиги боюнча арызын карап чыгып, акындын талабын канааттандырган.

Сотто жеңишке жетишкенине карабастан, активист административдик соттун чечимин сотко берди, анткени анын пикири боюнча, ал “туура эмес каралган”.

“Экинчи инстанцияда, мен жокко чыгарууну суранган жокмун, Административдик соттун чечимин өзгөртүүнү суранам, ал Административдик процесстик кодекстин чегинде болгон, бирок бардыгы “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын чегинде болушу керек болчу. Анткени конституциялык мыйзамга ылайык каралса, чечим үч күндөн кийин күчүнө кирип, экинчи инстанциясыз эле даттанылат », – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: