Ош шаарында 23 жаштагы кыз өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 3-декабрда саат 14:30да милицияга жаракат алган бейтап жөнүндө Ош облустук ооруканасынан билдиришкен. 23 жаштагы кыз өз ичине бычак сайган.
Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы аталган фактыны тастыктады. Милициянын маалыматы боюнча, 23 жаштагы кыз Лейлек районунун тургуну. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Суицидге баруу” беренеси боюнча катталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ