Menu

Манас күнү иш-чарасы Семетейдин Таласка келиши менен башталды

Бөлүшүү:
Бүгүн, 4 -декабрь күнү Манас Ордо комплексинде Манас күнү салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу КР Маданият министрлигинин  басма сөз кызматы билдирет.
Салтанатка КРнын Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлү Айбек Бусурманкулов, манасчылар, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана жалпы коомчулук катышты.
Иш – чара “Семетейдин Таласка кайтып келиши” театрлаштырылган коюулум менен башталып, манасчылардын манас айтуусу менен уланууда.
Манас айтуу бир суткага уланып, 5 – декабрь күнү саат 11:00 дө аяктайт.
Учурда иш чаранын жүрүшү КТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” каналы аркылуу түз көрсөтүлүүдө.
Манас күнүнө карата өтүп жатат иш чара Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин демилгеси менен өтүп жатат. Келечекте мындай иш чараны башка аймактарда да өткөрүү пландалууда.
   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: