Menu

Айсулуу Тыныбекова Эл аралык күрөш уюмунун виртуалдык турниринде жеңишке жетишти

Бөлүшүү:

Айсулуу Тыныбекова Эл аралык күрөш уюмунун виртуалдык турниринин жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу аталган уюмдун Instagram баракчасына жарыяланды.

Турнир Бириккен күрөш уюмунун Инстаграмдагы расмий баракчасында өтүп, жеңүүчү социалдык тармактын колдонуучуларынын добуштарынын саны менен аныкталды.

Ага учурда дүйнөдөгү аялдар күрөшүнүн 16 мыкты өкүлү катышып, алар эки топко бөлүнүшкөн. 

Айсулуу Тыныбекова турнирдин 1/8 финалында Рио-2016 Олимпиада чемпиону (63 кг чейин) япониялык Рисако Кавай менен “жолугуп”, жеңишке жетти. Ал эми чейрек финалда 2012-жылдагы Лондон олимпиадасынын чемпиону (76 кг чейин) орусиялык Наталья Воробьеваны “жеңип алды”. АКШнын беш жолку дүйнө чемпиону Аделин Грей жарым финалда Тыныбековадан жеңилип калды.

Ал эми финалда индиялык спортчу Винеш Пхогат менен Айсулуу Тыныбекова “беттешип”, индиялык спортчуга 121,907 адам добуш берилсе, Тыныбекованы 170,989 адам колдогон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: