Айсулуу Тыныбекова Эл аралык күрөш уюмунун (UWW) “Күрөш тарыхындагы эң мыкты балбан кыз” жарышында жеңүүчү болду.
Айсулуу Тыныбекова кубанычы койнуна батпай сүйүнгөнүнөн көзүнө жаш алганын Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
“Кыргыз өлкөсү жеңди. Ар бирибиз жеңдик. Кыргыз элиме ыраазычылык айтам! Ушундай ынтымактуу жана бекем элдин ичинде болгонума Кудайыма миң мертебе шүгүр! Эмне деп айтарымды билбей ыйлап жатам. Рахмат!”, – деп жазды Айсулуу Тыныбекова.
Белгилей кетсек, UWW уюмунун виртуалдуу мелдеши онлайн форматта өткөн. Ага дүйнөнүн мыкты делген 16 балбан кызы катышкан. Финалга индиялык спортчу менен Айсулуу Тыныбекова чыккан. Индиялык спортчу 121,907 адам добуш берсе, Айсулуу Тыныбекованы 170,989 адам колдогон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ