Menu

Сот коррупцияга шектелип кармалган “Кадастрдын” директору Абдумуктар Маматовдун баш коргоо чарасын тандады

Бөлүшүү:

Кечээ, 4-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин директоруна карата баш коргоо чарасы тандады. Бул тууралуу журналисттерге Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.

Алардын айтымында, сот тарабынан Абдумуктар Маматовго 2021-жылдын 2-февралына чейин үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Белгилей кетсек, 2-декабрда Өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин директору Абдумуктар Маматов кармалган.

Маалыматка ылайык, “Кадастр” ишканасынын жетекчилиги аймактык бөлүмдөрдүн башчыларынан мыйзамсыз түрдө акча жыйнап туруктуу негиздеги коррупциялык схема түзгөнү белгилүү болгон.

Кармалган Абдумуктар Маматов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: