Бүгүн, 5-декабрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 401 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 99, Ош шаарынан – 20, Чүй облусунан – 133, Ош облусунан – 22, Талас облусунан – 15, Ысык-Көл облусунан – 45, Жалал-Абад облусунан – 39, Баткен облусунан – 26, Нарын облусунан – 2 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 74 774 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 425 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 66 538ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 124, Ош шаарынан – 10, Чүй облусунан – 102, Ош облусунан – 11, Ысык-Көл облусунан – 40, Жалал-Абад облусунан – 60, Баткен облусунан – 53, Нарын облусунан – 9, Талас облусунан – 16.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан Бишкек шаарынан 5 адам каза тапты. Жалпы саны 1290го жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ