Menu

Тилсиз жоодон 103 адам куткарылып, 4 млрд. 779 млн. 511 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган

Бөлүшүү:
2020-жылдын 11 ай ичинде республика боюнча 2425 өрт кырсыгы катталып (2019-ж. 3664), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 33,8% азайган. Бул тууралуу 4-декабрда КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Тилсиз жоонун себептери бул электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык, мештерди убагында тазаланбагандыкткан, өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан келип чыгууда. Ал эми өрттүн басымдуулугу турак жай секторунда катталган.
Статистиканы карасак, өрттүн кесепетинен 29 адам каза таап (2019-жылы 40 адам), жана 24 адам жабыркаган (2019-жылы 60). Тилсиз жоодон 103 адам куткарылып, 4 млрд. 779 млн. 511 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. 1571 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 64,8 % түзгөн.
Өрттөрдүн негизги себептери төмөнкүлөр:
– электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 37,6%;
– мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 9,0%;
– отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 22,3%;
– балдардын от менен ойноосунан – 8,9%, өрт кырсыгы болду.
Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:
– Бишкек шаарында – 362 өрт;
– Чүй облусунда – 648;
– Ош облусунда – 331;
– Жалал-Абад облусунда – 365;
– Ысык-Көл облусунда – 251;
– Нарын облусунда – 113;
– Талас облусунда – 117;
– Ош шаарында – 78;
– Баткен облусунда 160 өрт катталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: