Menu

Ошто пандемия учурунда жардам көрсөткөн ыктыярчылар сыйланды

Бөлүшүү:
Бүгүн, 5-декабрь – Эл аралык ыктыярчылар күнүнө карата Ош шаарында пандемия учурунда ар тараптуу жардам көрсөткөн ыктыярчыларды сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов жана ыктыярчылар катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Э.Шадыханов Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун атынан ыктыярчыларды майрамы менен куттуктап, алардын пандемия учурунда жасаган иш-аракеттерти баалуу экендигин баса белгилеген.
“ Сиздер дайым бардык тармактарда бош убактыңыздарды коомдун пайдасы үчүн арнап, эч кандай сыйлык, акча күтпөстөн элге кызмат кылып келесиздер. Айрыкча дүйнө жүзү боюнча пандемия күчөп, элибиз кыйналып жатканда сиздер эбегейсиз чоң жардам көрсөттүңүздөр. Сиздер күнү-түнү иштеп жаткан медицина, күч органдарынын кызматкерлерине ар тараптан, колдон келишинче жардам бердиңиздер.
Материалдык, моралдык жактан колдоп, тамак-аш жеткирип, тез жардам унаасы жетишпей жатканда жеке унааңыздар менен бейтаптарды ооруканага жеткирип жаттыңыздар. Медицина мекемелерине кислород концентратор, бет кап, кол кап, антисептик каражаттарын алып берип жаттыңыздар.
Бул жерге бүгүн дагы жардам көрсөткөн көптөгөн ыктыярчыларыбызды чакыра албай калдык. Буюрса алардын да эмгеги бааланат.
Көрсөткөн жардамыңыздар үчүн шаар мэри Т.Сарыбашовдун, Ош шаарынын мэриясынын жана шаар элинин атынан терең ыраазычылык билдиребиз”,-деген вице-мэр.
Иш-чаранын жүрүшүндө биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө абал учурунда чечкиндүү иш-аракеттери, Ош шаарынын аймагындагы коронавирус илдетинин жайылышын алдун алууга, ага каршы күрөшүүгө багытталган иш-чараларга активдүү катышкандыгы жана кыйын кырдаалдагы жарандарга өз ыктыяры менен материалдык жана физикалык жактан көмөк көрсөткөндүгү үчүн 60тан ашуун ыктыярчыларга Ош шаарынын мэриясынын Ыраазычылык баракчалары тапшырылган.
Айта кетсек, 1985-жылдан бери БУУнун Башкы Ассамблеясынын сунушу менен жыл сайын 5-декабрда ыктыярчылардын эл аралык күнү белгиленип келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: