Menu

Ысык-Көлдө тоо текелерди мыйзамсыз аткан браконьерлер кармалды

Бөлүшүү:

Ысык-Көлдө эки тоо текени атып өлтүрүшкөн браконьерлер кармалды. Бул тууралуу NABU жаратылышты коргоо уюмунун Кыргызстандагы бөлүмүнөн кабарлашты.

Алардын айтымында, Ысык-Көл облусунда браконьерликке каршы рейддердин жүрүшүндө Нарын районунун тургундары кармалган. Алар атылган эки тоо текенин бирин жиликтеп, бирин союп жатышкан жеринен колго түшүшкөн.

Бул фактынын негизинде жаратылышты коргоо мыйзамы бузулгандыгы тууралуу  акт түзүлүп, бардык материалдар Ысык-Көл облусунун Тоң районунун укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Белгилей салсак, бир тоо текени мыйзамсыз аткан адамдарга 100 миң сом айып пул салынат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: