Menu

Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев үй камагына чыгарылды

Бөлүшүү:

УКМКнын тогузунчу кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, президенттик аппараттын экс-башчысы Фарид Ниязовго карата баш коргоо чарасы 2021-жылдын 13-февралына чейин узартылган.

Белгилей кетсек, буга чейин адвокат Замир Жоошев эки айыпталуучуну үй камагына чыгарууну суранган. Анын айтымында, экөөнүн күнөөсү жок. Бишкектеги башаламандык учурунда митингчилердин алдында Фарид Ниязов сөз сүйлөгөн эмес, ал эми Канат Сагымбаев провокацияга алдырбоого үндөгөн.

Эскерте кетсек, массалык башаламандыктарды уюштуруу фактысы боюнча ИИМдин тергөө тобу тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Алмазбек Атамбаев, анын жансакчылары Канат Сагымбаев жана Дамир Мусакеев, ошондой эле Фарид Ниязов кармалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: