Бишкектеги туманга байланыштуу “Манас” аэропортунда Түркияга учуу кечигип калды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 5-декабрда кечинде көптөгөн жүргүнчүлөр авиабилеттери менен Түркияга учуу үчүн “Манас” аэропортуна келишкен. Бирок, тумандан улам учуу болгон жок.
Аэропорттун басма сөз кызматы Түркияга учуу туманга байланыштуу ишке ашпай калганын байма-бай билдирүүдө.
“Бишкекте туман, учуу тилкесиндеги көрүү мүмкүнчүлүгү 175 метр гана, минималдуу уруксаты 360 метр болуусу зарыл. Рейс бүгүн, 6-октябрга жылдырылды. Убакыт такталууда”, – деп билдирди басма сөз кызматы.
Ал эми, авиакомпаниянын өкүлдөрү жүргүнчүлөрдүн айрымдарын мейманканаларга жайгаштырышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ