Menu

Айдай Турсунбекова: “Пандемияга карата даярдык көрүүгө жооптуу болгон аткаминерлер жоопко тартылыш керек деп эсептейбиз”

Бөлүшүү:

Коронавирус пандемиясы учурунда туугандарынан жана жакындарынан айрылган Кыргызстандын жарандарынын коомдук бирикмеси Башкы прокуратурага кайрылууну көздөп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова Facebook баракчасына жазды.

Алар өлкөдөгү коронавирус пандемиясына даярдык көрүүгө жооптуу болгон аткаминерлерди жоопко тартууну суранышууда. Учурда прокуратурага арыз берүү үчүн кол топтоо иштери жүрүп жатат.

Биз дарыгерлерге каршы эмеспиз, аларга түзүлгөн ыңгай-шартта дарыгерлер колунан келгендин барын жасашты. Биз пандемияга карата даярдык көрүүгө жооптуу болгон чиновниктер жоопко тартылыш керек деп эсептейбиз. Өз убагында дары-дармектер, медициналык жабдуулар (рентген, ИВЛ, КТ, кислороддук аппарат жана башка), дарыгерлерди өз убагында коргонуу каражаттары менен камсыз кылышкан эмес, лабораториялар даярдалган эмес (дарылоонун протоколуна ылайык карасак, бардык дарылоо 12 анализге негизделүүгө тийиш, региондогу лабораториялар болгону 3-4 анализ чыгара алат).

Биз эмдигиче коронавируска каршы күрөшүүгө бөлүнгөн финансылык каражаттар кайда кеткени, гуманитардык жардамдар качан жана кайда бөлүнгөнү боюнча отчет ала элекпиз. Ошондой эле эмне үчүн дарылардын баасына көзөмөл болбогону суроо туудурат“, – деп билдирүү жазган Айдай Турсунбекова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: