БШК кезексиз президенттик шайлоого карата 43 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. Бул тууралуу чечим бүгүн, 6-декабрда жыйында кабыл алынды.
Маалыматка ылайык, байкоочулар 7 мамлекеттин жана 7 эл аралык уюмдун, анын ичинде Молдова менен Азербайжандын БШКларын, ошондой эле КМШ ПААнын өкүлдөрү экени такталды.
14-декабрга чейин шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттайт. Катталгандан кийин эки календардык күндүн ичинде талапкер тиешелүү күбөлүктү алат. Эгерде ага каттоодон баш тартылса, анда бул жөнүндө БШК чечим кабыл алгандан кийин 24 сааттын ичинде билдириши керек.
Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ