Нарында 4 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 4-декабрь күнү КРнын ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросунун жана Нарын ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын жаранын кармашкан.
Кармалган 41 жаштагы М.В. карата 2016-жылдан бери Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 228.1-беренесинин 2-бөлүмүндө (Баңгизаттарды сатуу жана сактоо) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн укук коргоо органдары издөө жарыялаган.
Азыркы учурда кармалган М.В. Нарын шаарынын тергөө абагына киргизилген. Эл аралык издөөдө жүргөн шектүүнү өз өлкөсүнө экстрадициялоо боюнча маселелер чечилип жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ