Menu

Өзбекстан Орусияга биргелешип коронавируска каршы вакцина өндүрүүнү сунуштады

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Фармацевтика тармагын өнүктүрүү боюнча агенттиги Ташкент облусундагы Tashkent Pharma Park илимий-өндүрүштүк фармацевтикалык кластеринин аймагында COVID-19га каршы орусиялык вакцинаны өндүрүүнү сунуштады.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, мындай сунуш менен орус тарапка агенттиктин башчысы Сардор Кариев кайрылган. Анын айтымында, кластердин аймагында иммунобиологиялык вакциналарды, анын ичинде коронавируска каршы орусиялык вакцинаны өндүрүү боюнча долбоорду ишке ашырууга мүмкүн.

Иммунобиологиялык вакцина чыгаруу долбоору 53 миллион долларга, өндүрүш кубаттуулугу 120 миллион даана вакцинага бааланууда.

Кариев Өзбекстанда жарандарды эмдөө календарлык планга киргизилип, коронавируска каршы вакцинанын өндүрүү маселелери аныкталганын кошумчалады. Буга чейин өлкө президенти Шавкат Мирзиёев вакцинанын ар башка түрлөрүн өндүрүү боюнча аянтчаларды жана заманбап сыноо лабораторияларын түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

4-декабрда Орусиянын өнөр-жай жана соода министри Ташкентке коронавируска каршы орусиялык вакцинанын үлгүлөрүн алып келген.

Алар вакцинаны Өзбекстанда каттоодон өткөрүп, өндүрүшкө уруксат берүү үчүн зарыл болгон сыноо иштерин жүргүзүүгө жөнөтүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: