Menu

Видео – Москвада окуучу кызды бутка аткан мас абалындагы полиция кызматкери кармалды

Бөлүшүү:

Москва шаарында мас абалындагы полиция кызматкери өспүрүм кызды атып салган окуя видеотасмага тартылып калган. Видеотасмада укук коргоо органынын кызматкери катуу алкоголдук мас абалда болгондугу жана ал тургай бутуна тура албай, тапанча шилтеп жаткандыгы көрүнүп турат.

Окуучу кыз ушул тапта такыр ээсин жоготкон абалда отургучта отурат. Эркек киши кыздын үстүнөн эңкейип, өөп жаткан учурда ал эч кандай реакция кылбайт. Андан кийин полиция кызматкери асманга ок чыгарат, кийинчерээк дагы бир жолу ок чыгарат, бирок кызга.

Полиция кызматкери жабырлануучу менен көпкө отурган жок, ал бир аз убакыттан кийин кызды отургучта калтырып, кетип калган.

Орус басылмалары жазып чыккан маалыматка ылайык, полиция кызматкери окуучу кыздын бутуна ок чыгарган.

Учурда шектүү кармалып, ага карата “бейбаштык” беренеси боюнча иш козголгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: