Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен жаранды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда милициянын кайгуул кызматынын басма-сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 7-декабрда болжол менен саат 01:45 чамасында белгисиз айдоочу белгисиз авто унаа менен Тыныстанов жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинен болжол менен 45-50 жаштагы азиат улутундагы аял кишини сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү ошол жерден көз жумган.
Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, жыйынтыгында кылмышка шектүү катары издөө бөлүмү тарабынан “Субару-Форестер” үлгүсүндөгү авто унаанын айдоочусу 1996-жылы туулган М.С атту жаранды кармашып, Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ